И. Арабаев атындагы КМУда 20-апрелде башталган спорттук мелдеш 30- апрелде жыйынтыкталды.

Спорттук оюндардын жабылыш аземине университеттин ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович, проректорлор, институт директорлору, декандар жана профессордук-окутуучулар курамы катышышты. Спорттук мелдешке окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүнөн ондон ашык команда катышып, волейбол, стол тенниси, футбол, бильярд боюнча күч сынашышты. Соңунда жыйынтыктар чыгарылып, М.Р. Рахимова ат. Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунан директордун орун басары Самыйканов Адисбек Тынчтыкбекович бильярд боюнча 3-орунду ээледи жана футбол боюнча «Мыкты оюнчу» аталып, диплом, грамота о.э. акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Ал эми Асаналиев Кылыч Асанбекович волейбол боюнча жакшы оюн көрсөткөндүгү үчүн «Мыкты оюнчу» аталып диплом менен сыйланды. Жыйынтыгында ректор Т.А. Абдырахманов спартакиадага катышкан бардык катышуучуларды, жакшы жыйынтыкка жетишкендиги менен куттуктап, эмгек жамаатты сергек жашоого үгүттөдү.