И. Арабаев ат. КМУнун М. Р. Рахимова ат. Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун директорлугуна талапкер проф. Акиева Гульдана Салморбековна шайлоодон көпчүлүк добуш менен өтүп, кайрадан директорлук кызматка шайланды. Шайлоо мыйзам чегинде, жобонун негизинде болуп, так жана ачык айкын өттү. Гульдана Салморбековнаны кайрадан директорлук кызматка шайланышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалайбыз.