И. Арабаев атындагы КМУнун М.Р. Рахимова атындагы КЖжана ККДинститутунун Психология-педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасын тарабынан 23- сентябрь Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары макамга ээ болгонуна 31 жыл болгондугуна байланыштуу «УЛУТ НАРКЫ – ЭНЕ ТИЛ» аттуу илимий-семинар болуп өттү.

Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын

мамлекеттик тили катары макамга ээ болгонуна 31 жыл

Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил.

Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы КРдин Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Кыргыз тили Мамлекеттик тил статусун алуу менен, Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын тилдеринин өнүгүшүнө кам көрүү конституцияда, тил мыйзамында баса көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары кабыл алган мыйзамдар мамлекеттик тилде жана расмий тилдерде жарыяланат. Иш кагаздары, сот иштери мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил статусунун берилиши – адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө болгон зор кадам, ошону менен бирге коомдун руханий жаңыланууга, жаңыча ой жүгүртүүгө багыт алуусу.

Тил – улуттун баа жеткис зор байлыгы. Тил – улуттук руханий курал, ал улуттун мүнөзүн, өз алдынчалыгын айкындайт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили – кыргыз тили бардык мекеме-ишканаларда, уюмдарда, билим берүүдө, маданият, массалык маалымат каражаттарында, байланыш тармактарында, илимде, өкмөттүк башкаруу органдарында, коомдук уюмдарда жана жеке менчик тармактарда, жыйындарда, транспорттосоода-сатык, саламаттыкты сактоо, тейлөө ишканаларында колдонулат.

Мамлекеттик тил – бул мамлекеттеги улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун маанилүү куралы.

Кыргыз эли – сөз өнөрүнүн ээси

Ар бир эл өзүнүн тили аркылуу гана ата-бабаларынын руху менен байланыша алат. Өз тилин жоготкон эл ата-бабалардын руху менен болгон байланышын да жоготот. Ата-бабалардын руху менен байланышын жоготкон эл тарыхын жоготот. Тарыхын жоготкон эл – тамырын жоготот. Тамырын жоготкон эл – анан өзү да акырындап куурап жок болот.

Кыргыз тили улуу тил экендигинде шек жок. Анткени, улуу тил болбосо, ал «Манас» баштаган оозеки чыгармачылыктын 40 томдук үлгүлөрүн жаратканга күч-кубаты жетмек эмес жана көптөгөн дастандардын баарын поэзия тилине салып сүйлөтө алмак эмес. Андай бийик деңгээлге жетүү үчүн тил миң жылдык жолдорду басуусу керек.

Кыргыз эли – сөз өнөрүн мурастап алган улуу Манастын урпактары. Белгилүү чыгыш таануучу-түрколог, этнограф “Манас” изилдөөчү В.В.Радловдун кыргыздын ошол замандагы сөз кудуретине таң калып мындай айткан сөзү бар экен: “Кыргыздар өздөрүнүн түрк уруулаштарынан укмуштуудай сүйлөө чеберчилиги менен айырмаланат. Жөнөкөй эле сүйлөшүүлөрдөгү сүйлөмдөрү уйкашып, ыр сыяктуу таасир калтырат. Сөздү айтканга да, укканга да кумарланган эл. Сөз башталганда ага чейин кыжылдаган эл мемиреп, үн катпай кулак төшөйт. Чечендиктен чексиз рахат алып, сөз күчүн бул жарык дүйнөдөгү эң кудуреттүү көркөм өнөр деп баалайт. Кыргыздардын элдик поэзиясынын өтө өнүккөндүгүнүн табияты ушунда”. Ошондой эле кыргызча-орусча сөздүктүн автору белгилүү окумуштуу К.К.Юдахиндин: “Кыргыз тилин изилдеп, бүт жан дүйнөм арбалып чыга албай калдым, өзүнчө бир сырдуу касиети бар экен”, – деп айтканы да бекеринен эмес.

Кыргыз тили – кыргыз тарыхы. Ал эл менен бирге эчен кылымдар ашып, турмуштун ар кандай шарттарын башынан өткөрүп, бүгүнкү күнгө чейин келди. Биздин ата-бабалар тилди өзүнүн “Манасы” баш болгон элдик оозеки чыгармалары менен бирге көздүн карегиндей сактап келген муундарга, бизге деп ыйык аманат катары жеткирди.

Кыргыз тилинин жазуусу басып өткөн жол

Бай тарыхы бар эне тилибиз кыргыз тилинин жазуусу бүгүнкү күнгө чейин кандай жолду басып өткөнүн билесизби?

Мүрзөнүн үстүнө коюлган таштарга, кээ бир буюмдарга жазылган кыргыз жазуулары Енисейдин жогору жагынан, Түштүк Батыш Монголиядан жана Түштүк Сибирден табылган. Эстеликтерде жазылган окуялардын жазууларынын көбү VII кылымдын аягына таандык экенин билсе болот. Бул Енисей-Орхон жазуулары илимде XVII кылымдын аягынан бери белгилүү болсо да, анын мааниси XIX кылымдын аягында гана чечмеленген. Академик В. Радлов анын баарын которуп, 1897-жылы кагаз бетине бастырып чыгарган.

Өзүнүн мазмунуна караганда, Енисей эстеликтеринин эң эскиси – Торопа Ичкеринин сыйына коюлган бегре жазуусу. Бул – кыргыз элинин эң байыркы адабий текстин, Бегре жазуусун, академик 648-жылга тиешелүү деп эсептейт. Енисей жазууларын кыргыз адабиятынын баштапкы булагы катары караса болот, анткени анда көркөм адабиятка тиешелүү каражаттар (метафора, гипербола, уйкаштык ж. б) орун алган. Орхон-Енисей жазуулары ислам дининин таркашы (X-XI к.) менен акырындап колдонулбай, унутулуп калган. Түрк тайпалары араб алфавитин колдонууга өткөн.

Араб тамгасында иш кагаздарын, тарыхый документтерин, адабий чыгармаларын ж. б. жазып калтырышкан.

20-кылымдын 1924-жылы кыргыз эли өзүнчө бөлүнүп, өз эне тилинде окуу китептери басыла баштады. Алгач улуттук жазуу реформаланган араб тамгалары аркылуу жүргүзүлгөн. Бирок ал кыргыз тилинин фонетикалык түзүлүшүнө туура келбегендиктен, 1928-жылдан тартып латын графикасынын негизинде түзүлгөн жаңы алфавит колдонула баштаган.

Андан соң, 1941-жылдан ары, орус алфавитинин негизинде түзүлгөн жаңы жазууга өткөн. Азыркы кыргыз жазуусу фонетика-морфологиялык принципке негизделген. Анда орус алфавити (кирилица) толук пайдаланылып, ң, ү, ө тамгалары кошумча киргизилген.

Кыргыз тили кыргыз элинин өзүндөй эле байыркы, өтө көп кылымдарды башынан өткөргөн, байлыгы ашкан, ийкеми артып, кылдат ой-пикирлерди талапка ылайык толук бере алган, билим-илимге татыган, маданиятка кызмат кылган жана башка элдер менен болгон алаканы үзгүлтүксүз жүзөгө ашырган, өнүп-өсө берүүдөн улам бекем сакталуучу тил.

Кылымдарды карыткан ата-бабаларыбыздын тили жалаң гана акын-жазуучуларга эмес, баарыдан мурда эл башкарган, кыргыздын намысын сактай турган ар бир атуулга да керек. Ошондуктан өткөн кылымдагы кыргыз тилинин касиети бүгүнкүгө салыштырмалуу кеп маданиятын сактап, өркүндөтүп, элибиздин атын дүйнөгө тааныткан эне тилибизге таза мамиле жасоо – ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Эне тил тагдыры – эл тагдыры

 

«Илим менен билимге көпүрө – тил,

Көкөлөткөн адамды тили деп бил».

                                                      (Ж. Баласагын)

«Элдин өмүрү – анын тилинде».

                                              (Ч. Айтматов)

«Ар бир элдин тили – ошол нечен кылымдык акылман жаралган кымбат мурасы».

                                                                                                          (Ч. Айтматов)

«Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет».

                                                                                                          (Ч. Айтматов)

 «Бирге жүрөм, эне тилин кадырлайм,

Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм,

Башка тилди кандай жакшы көрсөм да,

Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм».

                                                            (А. Осмонов)

«…Эне тилибиз – ар бир Ала-Тоолук атуулдун ар-намысы, улуттук паспорту».

                                                                                                              (Э. Ибраев)

«Эне тилин билбеген,

Эси жогун аныктайт.

Эне тилин сүйбөгөн,

Элин сүйүп жарытпайт».

                                                    (Б. Сарногоев)

 «Эртең тилим жок болоору чын болсо,

Анда бүгүн мен өлүүгө даярмын!»

                                                      (Р. Гамзатов)

«Элдин баа жеткис байлыгы – анын тили».

                                                (М. Шолохов)

«Эне тилсиз укмак белек «Манасты” 

Эне тилсиз укмак белең санатты.

Эне деген улуу болот күндөн да,

Эне сүтү эне тилге сиңген да».

                                               (Ү. Асаналиев)

Тилим менен улутмун!



Улутуңдун уулу болуп, 
Улайм десең учугун, 
Өзгөлөрдөн калып калбай, 
Өссүн десең тукумум, 
Эне тилге толук бойдон 
Берүү керек укугун. 
Басмырланып башка тилге, 
Жыйындарда сүйлөнбөсө, 
Аймагында жашаган эл 
Аздап-аздап үйрөнбөсө, 
Көчө тилдин деңгээлинен 
Көтөрүлбөйт тилибиз, 
Тил өспөсө, 
Кантип өсөт дилибиз?

ЭНЕ ТИЛИМ – 
ЭНЕМ, 
ЭЛИМ, 
УЮТКУМ. 
Тунук болсом – 
Тилим менен тунукмун, 
Улук болсом – 
Тилим менен улукмун, 
УЛУТ БОЛСОМ – 
ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН! 
Анткени тил – 
Ар улуттун улуттугун аныктаар, 
ПАСПОРТУ да, 
МАНДАТЫ да, 
МЕТРИКАСЫ УЛУТТУН! 

                                                    Э. ИБРАЕВ,

                                                    Кыргыз Эл акыны