КМУда “Кыргыз педагогикасынын кыраан кызы” аталышындагы семинар өттү

12- ноябрда И. Арабаев атындагы КМУнун М. Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институту, тактап айтканда Психология- педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасы “М. Р. Рахимова Кыргыз педагогикасынын кыраан кызы” аттуу илимий семинар уюштурду.

Аталган семинарга университеттин илимий иштери боюнча проректору Каниметов Эмиль Жангорозович, Окуу башкармалыгынын башчысы Капалбаев Октябрь Эркинович, белгилүү окумуштуу, педагог  Байгазиев Советбек Орозканович, педагогика илимдеринин доктору, профессор Калдыбаева Айчүрөк Токтополотовна жана Дабаев Кыргызбай Дүйшөнбекович, ошондой эле окутуучулар жана студенттер катышышты.

Жыйында М. Р. Рахимованын илимдеги орду, окумуштуунун көзү тирүүсүндө жаштарга айткан акыл- наасаты, кеп- кеңеши  тууралуу жакшы сөздөр айтылды. Окуу башкармалыгынын башчысы Капалбаев Октябрь Эркинович өз сөзүндө учурунда М. Р. Рахимовадан сабак алганын,  ал кишинин айткандары илимпоздун  илимий жетишкендиктерге жетүүсүнө өтө чоң өбөлгө болгонун айтып эскерди.